Чек арадан мыйзамсыз түрдө мал айдап өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Булак тилкесинде мамлекеттик чек арага жакын жерден чек арачылар Сөгөт айылынын тургуну 1986-туулган О.А.ны кармашкан. Ал 6 баш бодо малды Кыргызстандан Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылган.
Бодо малдын баасы 300 миң сомду түзгөн. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана бодо мал кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилген.