7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Үй-бүлөдө жалгыз кыз эле…» Кадамжайда 14 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

1267

Кадамжайда мыкаачылык менен зордукталып, өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын ата-энеси Россияга кеткенине аз гана күн болгон. Каза болгон кыз үй бүлөдө жалгыз кыз болгон. Бул тууралуу super.kg порталына кыздын атасынын бир тууганы Үсөн Мурзадиллаев билдирген.

«Ата-энесинин азыркы абалын сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Үй-бүлөдө жалгыз кыз эле. Кызыбызды зордуктап, өлтүргөндөр кошуна айылдын балдары деп айтышты. Шектүүлөдүн бирөөнүн үй бүлөсү, балдары бар экен. Окуя күндүз болуп, аны бирөө дагы байкабай калганы өкүнүчтүү…»,-деген кыздын атасынын бир тууганы.

Эскерте кетсек, 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну малын багып жүрүп, сел өтүүчү тюнелдин ичинде белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгын көрүп, 112 кызматына кабар берген. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз К.А. экендиги аныкталган.

Шектүүлөр учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1268