7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жарандын 30 миң сомдук алтын шакегин пара түрүндө талап кылган кайгуул кызматкери кармалды

894

Бишкек ИИБнин патрулдук милиция башкармалыгын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМинин Ички иликтөө кызматына Г.С. аттуу жаран патрулдук милиция кызматкери А.Б.Т. карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Ал жогоруда аталган жарандан жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартпоо сунушу менен андан зергердик буюм, тактап айтканда баасы 30000 сомдук алтын шакегин пара түрүндө талап кылган.

Кайгуул кызматкери өзүнүн кызматтык абалынан жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды колдонуп, жабырлануучунун зергер буюмдарын жасоонун чебери экендигин билип туруп, аны пара берүүгө аргасыз кылган.

Учурда Бишкек ИИБнин патрулдук милиция башкармалынын полкунун взвод башчысы А.Б.Т. шектүү катары кармалып Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

895