7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

580

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлери менен жолугушууда өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн миграциялык саясатка байланыштуу маселелер да, атап айтканда, шериктештиктин ички чек араларынан өтүү эркиндигин камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи.

Садыр Жапаров эмгек миграциясын макулдашылган жөнгө салуу көйгөйүн эмгек мигранттарын жумушка алууда жана эмгек келишимдерин бузууда алар жүргөн өлкөнүн калкы менен бирдей укуктарды берүү менен чечсе болоруна ишенимин билдирди.

Жапаров мамлекеттерибизде стабилдүүлүктү жана тынчтыкты сактоо үчүн ар кандай ички жана тышкы факторлорго, чакырыктарга жана коркунучтарга даяр болуу менен биримдикте аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

КМШнын алкагында Ички иштер министрлер кеңеши бул жаатта эң маанилүү жана эффективдүү механизмдердин бири болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581