7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экендиги кабарланды

588

Саат 14:00гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал тынч, турукташууга багыт алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, чек ара сызыгында эскалация аракети жана ок атуу байкалган жок. Тараптар ок атпоо жана тиешелүү күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча келишимдерди сактап, бул багыттагы иштер улантылууда.

Тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу багытында иштерди алып барууда.

Министрлер кабинетинин орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кырдаалды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоону улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

589