Баткен жана Лейлек райондорунда 8 миң үй электр энергиясыз калууда. Бул тууралуу энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда электр жабдыктарын калыбына келтирүү иштеринен кийин, 18 аныкталган 10 кВ аба чубалгыларынын 11 даанасы өчүрүлгөн бойдон калууда.
«Жалпысынан Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында коогалаң башталгандан бери 15 линия үзүлүп, 32 калктуу конуш электр энергиясыз калган, анын ичинен Баткен облусунда 26, Лейлек районунда 6 конуш.
Кечээ кечинде Лейлек району боюнча дагы 6-10 кВ аба чубалгыларында 3 авариялык өчүрүү аныкталган.
Бүгүнкү күндө 7 даана 10 кВ аба чубалгылары «Кыргызстан УЭТ» акционердик коомунун оперативдүү топтору тарабынан чыңалууга кошулду», — деп билдирди Таалайбек Ибраев.
Калган линиялар аймакта түзүлгөн оор кырдаалдан улам чыңалуусуз калууда.
Ош облусунун Чоң-Алай районунда электр энергиясы менен камсыздоо боюнча абал туруктуу.