7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арадагы жаңжал учурунда жоголгон жарандардын документтери акысыз калыбына келтирилет

499

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда документтери жоголгон жарандардын документтерин акысыз калыбына келтирет.

Бүгүнкү күндө «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын КТБнун жана калкты каттоо департаментинин аймактык Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин катарынан мобилдик топтор түзүлдү.

Мобилдик топтор жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө зарыл болгон жарандардын тизмесин түзөт.

Белгилей кетсек, мобилдүү калкты тейлөө борборлору паспорттоштуруу жана жарандык абалдын актыларын каттоо жана тиешелүү күбөлүктөрдү берүү боюнча бардык керектүү техникалык жабдуулар менен жабдылган.

Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарындагы жарандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча иштер башталды.

Ошондой эле 2022-жылдын 19-сентябрынан баштап калкты каттоо департаментинин Лейлек районунун Кулунду айылындагы жана Баткен районунун Самаркандек айылынан башка аймактар аралык бөлүмдөрү жана бардык калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштей баштаганын билдиребиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

500