«Бактылуу жашоо жок, бактылуу күндөр гана бар»,- демекчи ар бир күндү кандай барактан баштайсыз ал сиздин чечимиңиз. Бир келген өмүргө ыраазы болуп, бактылуу жашагыңыз келеби же нааразы болуп, өмүрүнүздү максатсыз өткөргүңүз келеби? Ал сиздин тандооңуз окурманым.
1. Колуңда бар нерсеге ыраазы болуу.
Адам баласы жашоосуна ыраазы болушу керек. Алгач колуңда бар нерселерге шүгүр айтуудан башташ керек, анткени бул ийгиликке жетүүнүн өтө маанилүү жолу. Көзүңдүн көрүп жатканы, колуңдун иштеп жатканы, бутуңдун басып жатканы дегеле бул өмүрдө жашап жатканың өзү эле байлык эмеспи. Мисалы, адам баласы кичине эле көйгөй жаралып калса наалып баштайт, бул жаман адат болуп эсептелинет да алдыга жылууңузга бут тосот…
«Жанындагы адамды көрсөт, мен сенин ким экениңди айтып берем»,- деген сөз бар эмеспи. Чөйрө өтө маанилүү нерсе…
Сиз өзүңүздүн чөйрөңүздү туура тандаганды үйрөнүшүңүз керек. Алсак, жаныңызда жакын досуңуз дайыма эле наалып, арыздана берген болсо, анын терс сыпаттары дагы сизге жугушу мүмкүн. Ал адамды позитивдүү болгонго үндөшүңүз керек же андан алысыраак болгонуңуз дурус.
2. Эч ким гений болуп төрөлбөйт
Айрым окумуштуулардын айтымында, эч бир адам гений, хирург, музыкант же спортчу болуп төрөлбөйт. Бул жашоодо көздөгөн максатка жетүү үчүн убакыт, аракет жана өжөрлүк керек. «Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам»,-дегендей тынымсыз аракет кыла берсеңиз бир күнү ийгилик сизге жылмаят… Бирок, кыялдарыңызга жетүү үчүн бир нече тосколдуктар дагы болбой койбойт. «Ар бир кыйынчылыктын артынан жакшылык келет»,-дегендей бир аз сабырдуулук менен чыдап койсоңуз өтүп кетет. Андыктан, өзүңүзгө ишениңиз жана аракетиңизден кайтпаңыз!
3. Адамдын көңүлү кымбат. Адамгерчиликтүү бол!
Сиз кандай гана бай же ийгиликтүү адам болбоңуз биринчи орунда сиздин адамдарга кылган мамилеңиз маанилүү. Бирөөнүн шагын сындырып, көңүлүн оорутуп андан береке табыш кыйын. Адамдын өмүрү кымбат, андан да көңүлү кымбат. Башка адамдардын көңүлүн сыйлап үйрөнүңүз. Эртеңки күндө эмне болуп кетеерин эч ким билбейт! Анын сизге кылган жакшылыгын унутпаңыз, бирок сиз дагы өзүңүздүн кылган жакшылыгыңызды милдет кылбаңыз. Ал нерсе башка адамдан болсо дагы кайтат.
4. Ар бир негатив нерсеге көңүл бура бербеңиз. Айрым нерселерге көз жумуп коюу дагы маанилүү
Кээде ар бир нерсеге маани берип, жооп берүүнүн кажети жок, жеңилип коюнун дагы пайдасы бар. Анткени, унчукпай коюу менен сиз өзүңүздүн баркыңызды сактап каласыз. Ошондой эле ден-соолугуңузга дагы пайдалуу. Андыктан, сабырдуу болгонду үйрөнүп, алдыга умтула бериңиз!
5. Адамдын сырткы келбетине карап жыйынтык чыгарбаңыз
Адамга баа койбоо керек. Мисалга алсак, белгилүү футболчу Роналдо сырткы келбетин өзгөртүп көчөгө тобу менен чыгып, алдынан чыккан элдер менен ойногонго аракет кыла баштайт. Бир нече эл андан качып, бир гана кичинекей бала келип ал менен ойной баштайт. Андан соң, сырткы келбетин жасап алган Роналдо өзүн көрсөтүп, балага автограф берет. Бир маалда аны көргөн элдер кайрадан топтолуп, телефонго тарта баштайт. Бул мисал менен эмнени айткым келип жатат. Учурда көпчүлүгүбүз адамдардын даражасына, сырткы келбетине карап мамиле кылабыз дегенди билдирет. Ошондуктан алардын жан дүйнөсүнө дагы баш багып көрүңүз.
6. Ар бир адамдын терс сапаттарынан сабак албай, анын жакшы сапаттарын үйрөнүү зарыл.
Өзүн-өзү тарбиялоонун мыкты каражаты өз кемчилигин сезе билүү. Өз кемчилигин сезген адам гана жакшы сапаттарды үйрөнүүгө умтулат.
Кечээки күнүңдөн, бүгүнкү күнүң жакшы болсун… Сизге ийгилик!