«Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтотулду. Алардын арасында облустун 53 билим берүү мекемесинин базасында уюштурулган эвакуация пункттары бар», — деп билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарында жана Баткен облусунда окуу процесси азырынча жандана элек. Лейлек районунда 45 мектеп, 23 бала бакчаларда окуу процесси кадимкидей жүрүп жатат, ал эми 21 мектеп жана 40 бала бакчада окуу процесси жандана элек.
Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында окуу процесси бардык билим берүү уюмдарында жүргүзүлүүдө. Сүлүктү шаарында 7 мектептин ичинен 1 гана мектеп окуу процессин баштай элек.
Баткен областындагы 11 кесиптик лицейдин ичинен 2 лицейде окуу процесси убактылуу токтотулду, ал эми Баткен шаары менен Баткен районундагы колледж жана жождордон башкаларында окуу процесси уланууда.
Баткен облусундагы жаңжалдын кесепетинен 2022-жылдын 20-сентябрь саат 15.00го карата ыкчам маалымат боюнча 10 мектеп жана 7 бала бакча жабыркаган.
Ош облусунун Чоң-Алай районунда 11 (27%) билим берүү уюмдарында (5 мектеп, 5 бала бакча) билим берүү процесси убактылуу токтоп турат. Сабактар 12 мектепте жана 18 бала бакчада жүргүзүлүүдɵ.
Окуу процессинин толук калыбына келтирилиши адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу шартында штабдын тиешелүү чечиминен көз каранды. Ошондой эле атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия келтирилген зыяндын көлөмүн, кырдаалды калыбына келтирүү жана жай турмушка кайтуу үчүн канча каражат керектелерин аныктайт.