7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Өлкөбүзгө жасалган баскынчылыкка карабастан экономика күнү-түнү иштеши керек»

426

«Бул күн өлкөнүн эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана элибиздин биримдигин коргогон аскер кызматкерлерибизди жоготуу азасы жана алар үчүн сыймыктануу сезими менен бирдей коштолууда. Эгемендүү мамлекеттин калыптануусундагы кыйынчылыктарга, өлкөбүзгө жасалган баскынчылыкка карабастан экономикабыз күнү-түнү иштеши керек», — деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республиканын ишкерлеринин катышуусунда өткөн иш-чарада.

Ал белгилегендей, 20-сентябрь республикада ишкерлердин кесиптик күнү болуп саналат.

«Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Ишкерлер күнү менен куттуктайм. Биз жеке бизнесин уюштуруп, аны ийгиликтүү өнүктүрө алган демилгелүү, энергиялуу, чыгармачыл жана кош көңүл эмес адамдарды жогору баалайбыз жана аларга ыраазычылык билдиребиз. Бул күн өз ишин аткарууда ага жан-дүйнөсүн, билим-тажрыйбасын жумшап, жаңы жумуш орундарын түзүп, салык төлөп, өндүрүштү модернизациялап, инновациялык программаларды жана технологияларды киргизген, социалдык жана кайрымдуулук долбоорлорго катышкандардын башын бириктирет. Министрлер Кабинетинин Төрагасы катары, мен өзүмдүн милдетимди Кыргыз Республикасынын экономикалык жана финансылык көз карандысыздыгын сактоо менен экономиканы өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн калкы алдында мамлекет тарабынан кепилденген милдеттенмелердин толук аткарылышын камсыз кылуудан көрөм. Ал эми бул жерде сиздердин жалпы максаттарды колдоого алууңуздар жана түшүнүүңүздөр өлкө жетекчилиги үчүн өзгөчө маанилүү”, — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы үстүбүздөгү жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети – 411-426 млрд сомдон кем эмес, келерки жылы 500 млрд сомдон кем эмес көлөмдө пландалып жаткандыгын айтты.

«Министрлер Кабинети өлкөдөгү бизнес-чөйрөнү системалуу түрдө жакшыртуу жана жеке сектордун ишканаларынын өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле анын статусун жана имиджин жогорулатуу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келет. Ата мекендик ишканалардын ишмердүүлүгү экономиканын ар кыл тармактарында жүргүзүлүп жаткандыктан, тышкы чакырыктардын шартында бул фактор бардык ишкерлерди бириктирип, пайда болуп жаткан өзгөрүүлөргө туруштук берүүгө мүмкүндүк түзүүдө», — деди Акылбек Жапаров. .

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын айтымында, учурда биздин өлкөдө 767 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект болсо, алардын 3 миңге жакыны мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү салыктардын жалпы суммасынын 80%ке жакынын түзөт жана жумушчу орундардын негизги түзүүчүлөрү болуп саналат.

«Ишкерлер – бул өзгөрүүлөрдү жасоого жана ал үчүн жоопкерчиликти алууга даяр, ийгиликтүү жана көз карандысыз адамдардын классы. Бүгүнкү күндө бизнес жүргүзүүдөгү бардык объективдүү кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга карабастан, өлкөбүздүн келечеги ишкерлерде экенине ишенем. Бардык ишкерлерге энергияны жана жигердүүлүктү сактап, жаңы компетенцияларды жана билимдерди топтошун каалайм. Жеке ишти жүргүзүү үчүн шарттар туруктуу, оюндун эрежелери так болсун, ишиңиздер дайым өсүүгө гана багытталсын», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырсак, алардын саны 2,1%га өскөн. Иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъектилердин жалпы санында эң чоң үлүш (61,5%) айыл, токой жана балык чарбасы чөйрөсүндө иштеген чарбакер субъектилерге туура келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

427