Тажикстандын Кыргызстанга агрессивдүү чабуулунун натыйжасында көп сандаган социалдык-жарандык инфраструктура жана турак жай имараттары жабыркады. 140 миңдей кыргызстандык үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.
Учурда өлкө бюджетинен дээрлик 500 миллион сом (497 миллион 600 миң) бөлүндү. Бул сумма жарандарды коопсуз жайга көчүрүү, азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат.
Инфраструктураны калыбына келтирүүгө, ошондой эле зарыл эвакуацияланган жарандарды жана жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүгө республикалык бюджеттен дагы каражат бөлүү пландаштырылууда.
Учурда Баткен облусунда 136 миң 770 жаран коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Жалпысынан Баткен облусунда 45 убактылуу жайгаштыруу борбору ачылган. Ош облусунда 5301 адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Мындан тышкары, Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалган.
Республика боюнча гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн 188 пункт уюштурулган.
Учурда Баткен облусуна жалпысынан 686 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам бар. Республиканын бардык аймактарынан чогулган гуманитардык жардам 45 жүк ташуучу унаага жүктөлүп, Баткен облусуна жөнөтүлдү.
Баткен жана Ош облустарына жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү атайын банк эсебине 100 миллион сомго жакын акча которулду.
Бул эсепке мамлекеттик кызматкерлердин жана мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысын которуулар, Кыргызстандын жарандарынын, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын, эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин которгон каражататры келип түшүүдө.