«Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы согуштук аракеттерден кийин Баткен жана Ош облустарында келтирилген зыянды жана кыйратууларды аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп жатат», — деп билдирди ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы, подполковник Жолдошбаев Ырысбек.
Алдын ала маалыматтар боюнча, куралдуу кагылышууда төмөндөгүлөр жок талкаланган:
- Турак жай имараттары – 364;
- Чарбалык курулуштар — 168;
- Социалдык объектилер – 9 (мектеп – 5, бала бакча – 3, ФАП – 1);
- Стратегиялык объекттер – 5;
- Кыймылсыз мүлк жана турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери – 149;Транспорт — 9.
Жолдошбаев белгилегендей, бул акыркы маалыматтар эмес, бардык аймакты, объектилерди изилдөө жана келтирилген зыянды баалоо боюнча иштер уланууда.