Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандардын саны 198ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-сентябрь саат 15.00 карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына түшкөн жабырлануучулардын жалпы саны 198 жабырлануучуну түзүп, анын ичинен 26 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү.
Ооруканаларда жалпысынан 172 адам дарылануусун улантууда. Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында 68 жабырлануучу дарылоодон өтүүдө, 104 адам Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду:
1. Улуттук госпитал – 75 жабырлануучу;
2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;
4. Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;
Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.
Эскерте кетсек, Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түзөт.