7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад шаарында маршурттук каттамдардын багыты өзгөртүлдү

626

Жалал-Абад шаарында маршурттук каттамдардын багыты өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында жаңы ачылып жаткан муниципалдык базарга баруучу шаар тургундарына жана келген конокторго ыңгайлуу шарт түзүү максатында шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы 10 маршурттук каттамдын багыты өзгөртүлдү. Тагыраагы, 26-сентябрдан тартып 101, 102, 103, 105, 107, 108, 109, 110ка, 111, 112- маршурттук каттамдар аталган муниципалдык базардын жанындагы Т. Байзаков жана Курманбек көчөлөрү аркылуу өтө баштайт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинде жалпысынан 13 маршурттук каттам бар. Ал каттамдар аркылуу күн сайын 150дөй кичи автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп келет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

627