7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча курама команда 10 медаль жеңди 

662

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында“Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча беттештер өттү.

Алыштын эркин түрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 5 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңди.

Кыздар арасында 55 кг салмакта Элзада Момунжанова, 65 кг салмак даражада Нурзада Мыктыбек кызы, 70 кг салмакта Нурзат Бактыяр кызы жана 75 кг салмактан жогоркулар арасында Нагира Сарбашева, эркектер арасында 60 кг салмакта Калысбек Каимов алтын байгенин ээлери болушту.

80 кг салмак даражада Азизхан Мусабек уулу, 100 кг жогоркулар арасында Кадыр Келсинбеков күмүш медаль жеңди.

Ошондой эле, 70 кг салмакта Касымбек Анарбаев, 90 кг салмак даражада Нурсултан Бочонов, 100 кг салмакта Исламбек Алик уулу коло байге алышты.

Белгилей кетсек, буга чейин алыштын классикалык түрү боюнча беттештер өтүп анда спортчулар 9 медаль жеңген. Жалпы “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы 19 медаль жеңди.

Жалпы командалык эсепте, классика түрү боюнча Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Ал эми эркин түрүнөн кыз-келиндер курама командасы тизменин сап башында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

663