7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Баарына сабыр тилейм». Түркияда Манас айткан Рысбай Исаков билдирүү жасады

721

Түркиянын Бурса шаарында 124 саат Манас айтып «Гиннестин рекорддор китебине» кирген манасчы Рысбай Исаков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жасады.

Анда манасчы Түркияда Манас айтканы боюнча талкуу жараткан кептерге бир жагынан кубанганын билдирди.

«Кымбаттуу достор! Ошентип, капилет ызы-чуу жараткан Гиннеске Манас айтуубуз соңуна чыгып, 5 күндүк зор сыноону өтүп, рекорд жаңырды. Ага сүйүнүүгө убакыт бербей, кеби кейиштен, сөзү сөгүштөн бүткөн катмарга да кабылдык. Алардын бир чындыгы мени кубандырды. Ал — элдин Манаска эч качан кайдигер карабай, ага карата кымындай да чаң жугузгусу келбегендиги. Бул абдан жакшы көрүнүш. Ар дайым ушундай бололу. Бирок экинчи бир нерсе көпчүлүктүн сабырсыз жана тамырсыз аракетте боло тургандыгын туюнтту.

1. Чуу жараткан тасма кандай максатта таратылды?
2. Эмне үчүн узак мөөнөткө айтып аткан Манаста жакшы жерлер жок?
3. Манасчыны мурда угуп көрдүк беле? Башынан эле ушинтип айтат беле?
4. Манасчы Манастын касиетин билбейби? Түшүнбөйбү?
5. Эмне үчүн ушул убакка чейин өзү жооп бербейт?
6. Ур-тепки кылган тааныштар, улукмандар, дааныштар манасчы менен жеке байланышка чыгып, бир ооз окуянын төркүнүн тактадыбы?
7. Гиннес ага керек беле? Гиннести Манас касиетинен өйдө коёбу?
8. Ал айткан Манастын бир окуясын толук укпай туруп жыйынтык чыгарууга болобу?
9. Анда барган 7 манасчынын биринде да касиет жокпу? Алар эмне деди? Жок дегенде ошолор менен байланыштыкпы?

Мен көпчүлүктү ушул суроолордун тегерегинде дагы бир жолу ой жүгүртүүгө чакырам. Ал эми өзүм эң негизги бир маселени айтайын.

Бул жолку Манас айтууда мага дагы бир сыр ачылды. Мындай нерсени эзели эл алдында айткан эмесмин. Жада калса, түшүмдү айткым келчү эмес. Аргасыздык болмоюнча. Азыр да ошондой зарылдыктан улам айтып атам. Манас дүйнөсү мага жаңы бир эшигин ачты! Бул мен үчүн эң зор табылга. Жерге тебелеген жеменин баары биригип келип, анын алдында кыпындай да болбойт. Мен жеткен бул бийиктик, балким, жалпы элге жарыгын чачкан жакшылык болмок. Сыягы, кыргыз касиетинин өзүнө кастык кылган күч аябай бакубат окшойт. Аны ушул окуядан эки жолу байкадым. Кандай кызык нерсеге дуушар болгондугумду ошол Манас айтуубуздун тасмасын жарыялап атып баяндап берейин.

Көпчүлүктү түйшөлткөн тасманын да сырын, жообун ачабыз. Ал жакта да сиздер күтпөгөн жагдайлар бар. Баарына сабыр тилейм.

Мени колдоого алып, сүрөп турган Азамат Болгонбаев акыныбызга, манасчылар Замирбек Баялиев , Камил Мамадалиев , Самат Кочорбаев , Улан Исмаилов, Азиз Биймырза уулу, Нурбек Талантбековдорго терең ыраазычылык билдирем. Булардын ар бири мен айтканды, балким, ашыгы менен айта алат»,- деп билдирүү жасады манасчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

722