7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сууда балыктай сүздү». Түркиянын туризм министри Галлиполини эскерди

622

Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Галлиполидеги Лунду кемесин эскерүү үчүн сууга чумкуду. Министр Нури Эрсой 27 метр тереңдикте жаткан Лунди кемесинин ичине кирип, ары-бери аралай сүзүп чыгып, өз көзү менен көргөндөрүн, сезимдерин журналисттер менен бөлүштү.

«Бүгүн биз Сувла булуңунда тарыхый сууга чөмүлдүк. Бул жерде 1904-жылы курулган Лунди кемеси бар. Кеме чөгүп кеткен. Бирок азыр да формасын жоготпоптур. Кудум өзүңдү кемеде жүргөндөй сезет экенсиң» — деди министр Мехмет Нури Эрсой.

Ошондой эле Түркиянын Маданият жана Туризм министри Галлиполинин тарыхына да токтолуп, бул аймак суучулдардын сүйүктүү локациясына айланып баратканын кошумчалады.

«Өткөн жылы Чанаккале согуштары жана Галлиполи тарыхый сайтынын төрагалыгы менен бирге бул жерде суучулдар борборун ачканбыз. Быйыл Чанаккалеге дүйнөнүн булуң-бурчунан өтө көп суучул турист келди. Келерки жылы бул сандар дагы көбөйөт деп ишенебиз» — деди Түркиянын Маданият жана Туризм министри.

Белгилей кетсек, Галлиполи тарыхый суу асты паркы Эгей жана Мармара деңиздери бириккен жерде жайгашган. Галлиполи суу асты байлыктары менен суучулдардын көңүлүн буруп келет. Галлиполидеги Лунди кемеси 1915-жылы чөгүп кеткен. Салмагы 188 тоннаны түзгөн бул гигант кеме бүгүнкү күндө да өз формасын жоготпой турат.

«Галлиполи жарым аралы Дарданелл согуштарын башынан өткөргөн. Туристтер бул жердеги «Галиполи тарыхый суу асты паркынан» 107 жыл мурун чөккөн согуштук кемелерди көрө алышат» — деди деди министр Мехмет Нури Эрсой.

Кошумчалай кетсек, Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги Чанаккалени дүйнөнүн эң маанилүү сууга түшүү туризминин борборлорунун бирине айлантуу үчүн 2017-жылы «Галиполи тарыхый суу асты паркы» долбоорун иштеп чыккан. Эки жылга созулган инвентаризациялык изилдөөлөрдөн кийин 150 чакырымды түзгөн сууда сүзүүгө ылайыкташтырылган дестинация жасалган. Аталган суу асты паркы 2021-жыл, 2-октябрда пайдаланууга берилген.

Галлиполи тарыхый суу астындагы паркынан сиз U-21 немис кайыгы тарабынан чөктүрүлгөн 120 метрдик ‘HMS Majestic’ британиялык согуш кемесин, кемеде жарылбай калган артиллериялык снаряд, мылтыктарды жана суу астына жашырынган асыл таштарды көрө аласыз.

Сууга 5-7 метр терең түшсөңүз Француз революциясынын маанилүү маршалдарынын бири Андреа Массена жана алар менен бирге акыркы миссиясына барган Сегалиендин кемелерин көрөсүз. Кемелердин күнү бүгүнкүдөй сакталып турганын көргөндө, деңиз түбүндө убакыт токтоп калгандай таасирде каласыз.

Ошондой эле «Галиполи тарыхый суу асты паркынан» Чанаккале согушунда маанилүү ролду ойногон Хеллес кемеге чиркелип жүрүүчү чоң кайыктарды да көрө аласыз.

СУУ АСТЫНДАГЫ УНИКАЛДУУ ТАРЫХ

Текке булуңунда (W Beach) чөккөн кемелер, Арыбурну, Small Bone кемеге чиркелген кайыктары, Арыбурну Лаш кемеси, Lundy кемеси, HMS Louis, SS Milo жана Тузла кемелерин дал ушул Галлиполи тарыхый суу асты паркында жайгашкан.

Акбаш булуңунда болсо, Чанаккале согушунда суу астында ондогон кайыкты токтоткон Мания Деңиз асты байланышы 10 метр тереңдикте сакталып калган. Бул жер фотографтардын кызыгуусун арттырган тарыхый бир локация десек болот.

ЖҮЗДӨГӨН ДЕҢИЗ ЖАНДЫКТАРЫ ЖАНА КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КООЗ СҮРӨТТӨР

1915-жылы 25-майда 73 кишиси менен сууга чөгүп кеткен англиялык HMS Triumph кемеси Кабатепеде, 70 метр тереңдикте күмбөз катары сакталып калган.

Жандыктардын жүздөгөн түрү жана тарыхта биринчи жолу Галли кометасынын көрүнгөн жери катары белгилүү Бебек рифтери да Галлиполи тарыхый суу астындагы паркында жайгашкан. Бебек рифтери дайвингди көргүсү келген суучулдарга жүздөгөн түстөрдү жана түрлөрдү сунуш кылып, эстен кеткис көз ирмемдерди тартуулайт.

«Галиполи тарыхый суу асты паркы»Галлиполи согуштары тууралуу маалыматты кеңири таанытуу максатында башталган долбоор болуп саналат. Муну менен катар бул долбоорго Дарданелл жана Эгей деңизинде биринчи дүйнөлүк согуштан калган жана тарыхый мааниге ээ болгон кемелер да жаңы санарип технологияларды колдонуу жолу менен жайгаштырылды. Аталган долбоор бир жагынан туристтик, дагы бир жагынан келечек муун үчүн Галлиполи согушундагы кемелерди сактап калууну көздөйт. Ошондой эле алдыда суу астында изилдөөлөрдү да жүргүзөт.

Галлиполи согушу болгон аймакты коргоо жана кийинки муундарга Галлиполи согуштары тууралуу маалыматтарды жеткирүү максатында 2014-жылы Галлиполи тарыхый жайынын дирекциясы түзүлгөн. Бул жер эң жакшы сакталган согуш зонасы катары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Чанаккале дегенде Биринчи Дүйнөлүк Согуш учурунда Галлиполи жарым аралындагы кургактыкта ​​болгон эпикалык салгылашуу эске түшөт. Биринчи Дүйнөлүк Согушта эң маанилүү деңиз окуялары Чанаккаледе болгондугуна карабай, бул жердин тарыхый маанисин көпчүлүк деле биле бербейт. Тынымсыз кармаш учурунан калган калдыктар, согуш эстеликтерин көрүүгө ар кимдин деле мүмкүнчүлүгү жок. Мындай тарыхый калдыктар азыр деңиздин астында калып, маданий мурастар катары сакталууда. Дирекцияда 3D карталар жана 3D тиркемелер бар. Булардын жардамы менен сиз суу астындагы эстеликтер, деңиз түбүндөгү калдыктарды так, даана көрө аласыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

623