7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ачка калып ажаатканада иштеген голливуд жылдыздарынын балалыгы

757

Дүйнөдөгү атактуу жана бай инсандар карьерасын баштап жатканда эле баарынын мүмкүнчүлүгү болуп, бай үй бүлөдөн чыккан эмес. Атактуу дүйнө жылдыздары үйсүз ачка калып, түндөрүн көчөдө өткөргөн учурлары дагы болгонун айтып келишет. Ушундай кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабай жылдыз болуп жанып кеткен атактуулар жөнүндө сөз кылабыз.

Селена Гомес
Белгилүү ырчы Селена Гомес Техас штатында төрөлүп, балалык чагы жокчулук менен өткөн. Аны апасы 16 жашында төрөп, жалгыз өзү чоңойткон. Ушуга байланыштуу Селена кичинекей кезинен баштап эле иштеп, апасына жардам бере баштаган. Ырчы маектеринин биринде апасы бир убакта бир нече жерде иштеп, үй-бүлөсүн бага албай кыйналганын айтып келген.

Джастин Бибер


“Baby” деген ыры менен хит болгон ырчы Канаданын Онтарио шаарында төрөлуп, жалгыз бой эне Патти Маллеттин колунда чоңойгон. Бала кезинде Джастин көп убакытты жалгыз өткөргөн, анткени анын апасы үй-бүлөсүн багуу үчүн убактысынын баарын жумушта өткөргөн. Ал эми атасы башка аялга үйлөнүп кеткен. Бала кезинде Бибер хоккейди, футболду, шахматты, музыканы жакшы көрүп пианинодо, барабанда, гитарада жана трубада ойногонду үйрөнгөн. 2007-жылдын башында, тактап айтканда он эки жашында Бибер жергиликтүү «Stratford Idol» ыр сынагында Не-Йонун «So Sick» ырын ырдап, экинчи орунду ээлеген. Анын үй-бүлөсү жана достору көрүшү үчүн Бибер YouTube сайтына спектаклдин видеосун жарыялаган жана апасы дагы музыканын ар кандай стилдерин ырдап жаткан видеолорун жүктөй берген. Ошондон улам интернеттин жана апасынын жардамы менен жылдыз болгон.

Леонардо Ди Каприо

Леонардо Ди Каприо «Оскар» сыйлыгынын лауреаты болгон. Балалыгы Лос-Анжелесте өткөнүн, көп учурда физикалык зомбулукка жана баңгизаттардын таасирине дуушар болгонун ачык айтып келет. Леонардо Ди Каприо өзүн мындай жаман нерселерден сактап калган кино болгонун белгилеп кетет. Апасы уулунун актёрлукка болгон кызыгуусун убагында байкап, баланы бир нече кастингтерге алып барган. 15 жашында Роберт Де Ниро менен «Бул баланын жашоосу» тасмасында роль жараткан. Ошондон бери Леонардо Ди Каприонун жашоосу өзгөрүп, дүйнөдөгү белгилүү актерлордун катарын толуктайт.

Джим Керри


Голливуддун эң белгилүү куудулдарынын бири Джим Керринин жашоосу дайыма эле кинодогудай болгон эмес. Канадалык актёрдун балалык чагы оңой өткөн эмес. Анын атасы ишинен айдалып кеткендиктен, ал ата-энесине жардам берүү үчүн дворник жана күзөтчү болуп жумушка орношуп мектепти таштоого аргасыз болгон.Үй бүлөсү менен Джим фургондо жашашкан. Күнүмдүк жанын багыш үчүн, үй-бүлөсү фабрикага иштегени кетип, Керри агасы жана эжелери менен бирге ажааткананы жууп иштеген.

Ли Ка-шинг

Ли Ка-шинг Гонконгдогу эң бай бизнесмендердин катарын толуктайт. Анын байлыгы 2018-жылдын март айында 34,9 миллиард долларга бааланган. Ал Кытайдын Гуандун провинциясында кедей үй бүлөдө төрөлгөн. 15 жашында атасы каза болгондон кийин мектепти таштап, үй-бүлөсүн багууга аргасыз болгон. Ли желим пластик чыгаруучу жумушка орношуп, күнүнө 16 сааттан иштеген. Бир нече жылдан кийин ал жумушун таштап, өзүнүн компаниясын ачкан.
Учурдагы Cheung Kong Group компаниясы 55 өлкөдө иштейт жана дүйнө жүзү боюнча 260 000ден ашуун адамды жумуш менен камсыз кылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

758