7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы атайын өкүлүн кабыл алды

483

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы Атайын өкүлү Тери Хакаланы кабыл алды.

Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, сапар алмашуу жана Кыргызстан менен ЕБ ортосунда Кеӊейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюу маселелерин талкуулап, глобалдык күн тартибиндеги кеңири чөйрөдөгү, анын ичинде регионалдык коопсуздуктун маселелери боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчысы быйыл 30 жыл толуп жаткан Европа Биримдиги менен эки тараптуу кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Бүгүнкү күндө Европа Биримдиги Кыргызстан үчүн маанилүү жана артыкчылыктуу тышкы саясат өнөктөшү бойдон калууда жана кыргыз тарап бул кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр.

Баарлашуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров Баткен облусунда карапайым калктын жана аскер кызматкерлеринин өлүмүнө, жарандык жана социалдык инфраструктуранын талкаланышына алып келген Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясы тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Атайын өкүл Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун актуалдуулугун белгилеп, учурда дүйнөдө болуп жаткан турбуленттик мезгилде Борбор Азия өлкөлөрүнүн бүтүндүгүн сактоо маанилүү экенин белгиледи.

Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы Атайын өкүлү Тери Хакала кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты. Ал Кыргызстандын жапа чеккен аймактарына ЕБ тарабынан гуманитардык жардам бөлүнгөнү тууралуу маалымат берип, ошондой эле чек ара маселелерин тез арада жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

484