Ош шаардык соту Ош ШИИБ тарабынан эки күн мурда кармалган «Ансар Групп» кооперативинин жооптуу жетекчилеринин баш коргоо чарасын карады.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, кооперативдин республика боюнча жетекчиси Ш.Э. бир айга камакта калтырылды. Ал эми Ош шаары боюнча жооптуу жетекчиси С.уулу А. үй камагына чыгарылды.
Белгилей кетсек, 11-октябрда аталган кооперативдин үстүнөн дагы кошумча 15 арыз келип түшкөн.