Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Чоң-Алай районунун Шибээ, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.