Баткендин чек арага чектеш Ак-Сай айылында тоок ферма кармаган Матиса Надиров аттуу ишкер Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза болгон. Матиса Надировдун 9 миллион сомдук насыясы жоюлганын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
«Ак-Сай айылынын четинде кичине тооккананы миллиондук чоң ишканага айландырган ишкерибиз, тилекке каршы, каза болду. Бирок анын баласы бар экен. Ишкердин банктардан алган 9 миллион сомдук үч кредитинин баарын кечип бердик. Ошондой эле мындан дагы чоң ферма куруш үчүн каржылык жардам көрсөтө баштадык. Биз уулун атасынын ишин улантып кетүүсүн каалайбыз» ,- деди ал.