Дүйнө жүзүндө WhatsApp тиркемеси иштебей жатат. WhatsApp тиркемесинин колдонуучулары каттарды жиберүүдө көйгөйлөр болуп жатканына даттанууда.
Көйгөй бир гана мобилдик тиркемеде эмес, веб-версиясында да байкалууда. Саат 9:30дар чамасында башталып, дагы деле уланууда.
Мессенджердин ээсинен (Россия Федерациясында тыюу салынган америкалык Meta компаниясына таандык) расмий комментарий болгон жок.
Белгилей кетсек, дагы бир популярдуу Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров үч апта мурун WhatsAppтын коопсуздукта олуттуу көйгөйлөрү бар экенин, хакерлер анын маалымат базасына оңой эле кире алаарын эскерткен.