7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайып Шер, апрель баатыры: “Жер саткычтар, жалаакор, бузукулар, гей парадчылар кыргызга эч качан күйбөйт”

725

Кайып Шер, апрель баатыры: “Жер саткычтар, жалаакор, бузукулар, гей парадчылар кыргызга эч качан күйбөйт”

«Азыр Кемпир-Абадды шылтоо кылып жаткандардын башында Адахан Мадумаров турат. Мекен, мамлекеттин бүтүндүгү тууралуу башкалар сүйлөсө дагы, ушул Мадумаров ооз ачпай эле койсо! Моралдык жактан дагы бул кишиге жарашпайт. Эмне өткөнүн унутуп калдыбы? Мадумаровдун кесепети менен Каркыра кеткен, Көк-Сай кеткен, Ысык-Көлдөн 5 пансионат кеткен. Мадумаров кол койгон документ үчүн Баткенде Төрт-Көчө талашка түшүп, тажиктер менен 2 жолу согуштук. Ушул чыккынчы мамлекет деп сүйлөбөй эле койсунчу!

Мындан башка, жанагы Рита Карасартова, Равшан Жээнбеков дегендер жүрөт. Алар Кыргызстанга гей парад уюштурган бузукулар. Буларга жаштардын атын булгап, мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштеп көрбөгөн, ушак, жалган-жалаа менен алектенген Атай Бейшенбек, Чынгыз Капаров сыяктуу бекерчи жаштар кошулуп алыптыр. 2010-жылы кыргыз өзбекти согутуруп, кан төккөн Кадыржан Батыровду жандап жүргөн Бектур Асанов жүрөт. Бекназаров менен Асия Сасыкбаева жөн эле жүрбөйбү, карыганда? Алар небере жыттап отура турган кезинде, сакалын сүйрөп алып бузукулук кылып жатышат.

Буларды камап салып туура кылды. Мамлекетте тартип керек. Буларга Кемпир-Абаддын кереги жок, шылтоо кылып бийликти басып алалы, төңкөрүш кылалы деген максаттары бар.

Кыргыз эли буларга гана эмес, “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” деген сайттарга дагы көңүл бурушу керек. Кечээ тажиктер бизге кол салып, кырып жатканда “Азаттык” радиосу “кыргыздар тажиктерге кол салды, тынч жаткан элди аткылады” деп көрсөттү. Буларды жабыш керек. Чыныгы кыргыздын душмандары ушулар!»,-дейт Кайып Шер.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

726