7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Лула да Силваны Бразилиядагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

538

Президент Садыр Жапаров Луис Инасиу Лула да Силваны Бразилиядагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

«Сизди 2022-жылдын 30-октябрында өткөн Бразилия Федеративдүү Республикасынын президентин шайлоодогу жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Сиздин жеңишиңиз Бразилия элинин колдоосунун жана ишениминин маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.

Кыргызстан Бразилия менен эки тараптуу кызматташтыкты жана элдерибиздин ортосундагы салттуу достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биз Бразилия менен эки тараптуу кызматташуунун жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара ишенимге жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдарбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Луис Инасиу Лула да Силвага чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги Бразилиянын элине тынчтык жана бакубаттык каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

539