7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендин чек арага чектешкен аймактарында милиция эл менен жолугушту

581

Баткендин чек арага чектешкен аймактарында милиция кызматкерлери эл менен жолугушууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун чек арага чектешкен аймактарында жашаган жергиликтүү тургундарга Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, айрыкча чек ара аймактарында жашаган тургундардын мал-жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо жагы эскертилди.

Эгерде коомго терс көрүнүштөр болсо, өз алдынча аракет кылбай, тез арада милицияга кабар берүүсү мыйзамдуу экендигин белгилешти.

Чек ара аймактарында Баткен ОИИОнун кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында күнү-түнү кайгуулдарды уюштурган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

582