Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Кыргызстандан Өзбекстанга үч баш уйду мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет көргөн 38 жаштагы Өлөн-Булак айылынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматка караганда, уйлар 200 миң сомго бааланат. Документтер толтурулгандан кийин А.Д. жана үч баш уй кийинки териштирүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлгөн.