Ленин районунун, Ч. Айтматов №3 дарегинде жайгашкан “Asia Mall” соода борборунун чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жерине өрттү өчүрүүгө жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 автошаты, штаб жана ӨКМдин ККББнан ыкчам топ тартылган.
«Соода борбордун үчүнчү кабатында жайгашкан тамактануучу жайдагы түтүн чыгуучу (вытяжка) жеринен түтүн каптап жана коопсуздук кызматы тарабынан соода борбордогу бардык жарандар өз убагында эвакуацияланган, жабыркагандар жок.Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам иш-аракеттеринен 17:28 өрт чектөөгө алынып, саат 18:00 толук өчүрүлдү»,- деп берилет маалыматта.
Өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түзгөн.