7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан Түркияга 6 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

617

Кыргызстандыктар катуу жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жашоочулары үчүн 6 тонна гуманитардык жардам чогултту. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдирди.

Маалыматка ылайык (кышкы кийимдер, жууркандар, жаздык, памперс жана башкалар) чогулган гумжардам «Түрк авиалиниялары» жана «Пегасус» авиакомпаниялары аркылуу жөнөтүлдү.

«Биз кыргыз элине, өкмөтүнө жана Кыргызстандагы диаспораларга көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, элчиликте гуманитардык жардам чогулту боюнча иштер уланууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондор 20 миңден, жабыркагандар 80 миңден ашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

618