7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан 50 куткаруучу, 6 дарыгер Түркияга кетти

821

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн 12-февралда куткаруучуларды узатуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

“Манас” аэропортунда куткаруучуларды жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурулуп, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандагы Түркиянын Толук Ыйгарым Укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Куткаруучуларды узатып жаткан Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн биринчи атайын учак менен 50 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүчүлөр, 75 боз үй жөнөтүлдү.

Ал эми калган куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи.

Белгилей кетсек, ӨКМ Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги жана Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

822