Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбандар арасындагы дүйнөлүк рейтингде Акжол Махмудов биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.
Махмудов өзүнүн салмагында 45 миң упай менен биринчи сапка жайгашты. Ал 2022-жылды экинчи орун менен жыйынтыктаган.
Белгилей кетсек, кыргыз балбаны 2022-жылдын жыйынтыгы менен “Тарых жаратуучу” жана “Азиянын мыкты балбаны” деп табылган.
Аталган рейтингде дагы бир кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков сап башында турат. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта 45 миң упай менен 1-орунга жайгашкан.