Ысык-Ата районундагы “Империя Пиццы” кафесинде ок аткан адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-январь күнү милицияга Кант шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Империя Пиццы” кафесинин администратору 1982-жылы туулган Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Себеби, белгисиз азиат улутундагы болжол менен 30-40 жаштагы адам, мас абалында коомдук тартипти бузуп, белгисиз үлгүсүндөгү травматикалык тапанча менен кафенин күзөтчүсү, Ысык-Ата районунун тургуну 1984-жылы туулган Т.С. аттуу жаран тарапка бир жолу ок чыгарган, натыйжада ок күзөтчү жарандын сол далысына тийген.
Бул факт Ысык-Ата РИИБне катталып, КЖКнын 280-беренесине ылайык (бейбаштык) кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда күзөтчү өз ыктыяры менен кийип жүргөн кийимдерин, травматикалык тапанчанын гильзасын, бир даана тоголок-желим (резиновый) ок өткөрүп берген, ошондой эле кылмыш иштин алкагында экспертизалар дайындалган.
Кылмышка шектүү болуп Бишкек шаарынын тургуну 1986-жылы туулган М.М. атту жаран аныкталып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.