7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖАК: Атамбаев абактан чыга элек, соттун чечимин күтүүдөбүз

527

Бүгүн, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди дарылануу зарылчылыгына байланыштуу өлкөдөн чыгууга уруксат берилгендигин Биринчи май райондук соту билдирген. Тиешелүү токтомго соттун төрагасы А.Калыбаев кол койгон.

Жаза аткаруу кызматы менен байланышканыбызда, соттун чечимин күтүп жатышканын, Алмазбек Атамбаев абактан чыга элек экенин айтты.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча камалган. 2020-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууга буйрук берип, «коррупцияны уюштурууга» айыптуу деп таап, 11 жыл, эки айга кесип, мамлекеттик сыйлыктардан, өзүнө жана үй-бүлөсүнө таандык мүлктөрүнөн ажыраткан өкүм чыгарган.

«Батукаев иши» боюнча мурдагы баш прокурор, мурдагы саламаттык сактоо министри, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси жана башка жооптуу кызматкерлер кармалып, сот жообуна тартылган.

Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл, 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты, ичер суусу аз калды» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Нарындагы Бишкекке жеткирилип, атайын рейс менен Орусияга учуп кеткен.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы, 2010-жылкы Июнь окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат. Ага Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган. Ал 2019-жылдын августунан бери камакта. 2020-жылы октябрь айындагы башаламандыкта абактан чыгып, кайра камалган. Мурдагы президент өзүнө тагылган бардык айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

528