Ашказанына кокаин баңгизатын жашырып алып келе жаткан жаран “Манас” эл аралык аэропортунан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-февраль күнү “Манас” эл аралык аэропортунда Чек ара кызматынын көмөгү менен жаран кармалган. Кармалган жаран Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн Кыргызстанга баңгизатты аткезчилик алып келген. Германиядан кокаин баңгизатын сатып алып, аларды Кыргызстандын аймагында сатууга аракет кылган.
КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматында катталган.
Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда ушул жылдын 10-февраль күнү “Манас” эл аралык аэропортунда чек ара кызматынын көмөгү менен жаран 1986-жылы туулган Т.В. кармалган. Кармалган жарандын ашказанын кароодо медициналык кол каптарына оролгон баңгизат табылып, натыйжада жалпы салмагы 300 граммды түзгөн 50 даана контейнер алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кокаин баңгизаты экендиги аныкталган.
Баңгизаттын бул түрү КРда биринчи жолу ири өлчөмдө табылып жатат. Анын бир граммынын “көмүскө базардагы” баасы 500дөн 2000 АКШ долларына чейин жетет.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.