Бүгүн 17-февраль күнү учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев жана «Көк-Бөрү» федерациясынын президенти Талас Бегалиев менен жолугушту. Анда буга чейин мыйзамсыз жол менен жыйындын өкүлдөрү Акылбек Түмөнбаевди федерациянын президенти деп шайлашкан.
Акылбек Түмөнбаев баардык чечим мыйзамдуу жана түрдө болуш керек экендигин баса белгилеп, азыркы тапта президент татыктуу өз ишин аткарып жатканын айтып, ийгилик каалап, керек болсо улуттук спорту өнүктүрүүгө кол кабыш кылууга даяр экендигин билдирди.
Жакын арада «Көк- Бөрү» федерациясынын президенти Талас Бегалиев сьезди жарыялап, жасалган иштери тууралуу отчет берерин маалымдады.