7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда чатыр тигилип, тамак-аш берилип жатат

598

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунда 5 тилкесинде болжолдуу 10000 м3 кар көчкү түшүп жол жабылгандыгына жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыгына байланыштуу бүгүн, 17-февралдан тартып, Нарын облусунун аймагына Өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда жеринде тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгынан 2 офицер Камаз унаасы менен 2 чатыры тартылган. Жеринде жылынуучу пункт уюштурулуп жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак аш берилүүдө. Ошондой эле жылынуучу пункт Кочкор районунун Тендик айылында уюштурулган.

Мындан сырткары жогору аталган унаа жолдун Сары-Булак тилкеси жана Кара-Үнкүр тилкесинде (265 жана 314 чакырымындары) ИИМдин ЖКККБ тарабынан жана тез жардам кызматынан 2 бригада нөөмөт алып барууда. Ошондой эле №41 ЖТИден 1 грейдер, 2 жүктөгүч, 2 самосвал, Суу чарба ишканасынан 1 жүктөгүч тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599