7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Алмазбек Атамбаевдин абактан чыкканы боюнча үн катты

669

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан чыкканы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты, мен сот органдарынын бул чечимин кубаттайм. Ага ден-соолук калайм, үй-бүлөсү, жакындарынын жанында болсун эми. Кээ бир адамдар ушунун баарын Камчыбек Ташиев демилгелеп чыкканын айтып чыгышты. Менин Испанияда жерим, үйүм бар экенин, Атамбаев менен биригип, сүйлөшүп алып жатканымды жазып чыгышты. Далил катары Атамбаевдин Испанияга барып дарыланаарын бетке кармашат. Мындай версияны орусиялык “Регнум” порталы да айтып чыкты. Мунун баары, албетте, суу кечпеген нерсе, калп. Менин же бир туугандарымдын Испанияда үйүбүз же кандайдыр бир кыймылсыз мүлкүбүз жок. Деги эле, башка чет мамлекеттин биринде да менин мүлкүм жок, болгон да эмес»,- деди Ташиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670