7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда март айынан тарта 300 миң турак жай курулат

548

21-февралда жергиликтүү убакыт боюнча cаат 19:00гө карата Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 42 310 адамга жетип, 110 000ден ашуун адам жарадар болду.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Жалпы турак-жай башкармалыгы (TOKİ) март айында 11 облуста туруктуу турак жайларды куруп баштаарын айтты. Жалпысынан 300 миң турак жай курулат:

• Хатайда 40 126

• Кахраманмарашта 45 067

• Адыяманда 25 882

• Газиантепте 18 544

• Малатьяда 44 770

• Османиеде 9 550

• Диярбакырда 6 000

• Шанлыурфада 3 000

• Элязыгда 3750

• Аданада 2500

• Килисте 250

Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) маалыматы боюнча Хатайдагы акыркы жер титирөөдөн 6 адам каза болду. Кечээ Хатайда болгон жер титирөөдөн кийин дагы 90 жер силкинүү (афтершок) болду. Жалпысынан Кахраманмараш жана Хатайда болгон жер титирөөлөрдөн кийин 7242 жер силкинүү болгон (афтершок), анын 41и 5-6 баллга, 450сү 4-5 баллга жеткен.

Кырсык болгон аймактардагы Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн жана күнү-түнү иштеген ыкчам штабдардын иши уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

549