Италиянын түштүгүндөгү жээкте кеме чөгүп кеминде 59 мигрант каза болду. Анын ичинде 12 бала болгон. Бул тууралуу «Новая газета» басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсык 25-февралда Калабриянын чыгышындагы Стеккато-ди-Кутро жээгинде болгон. Кайык бир нече метр алыстыкта жээкке чыгайын деп калганда таштарга урунган. Ичиндеги адамдардын айрымдары өз алдынча качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Кеме Түркиядан сүзүп чыккан, бортунда кеминде 150 киши болгон. Алардын көбү Ооганстан, Иран, Сомали жана Пакистандын жарандары.
Италиянын ANSA маалымат агенттигинин маалыматына караганда, каза болгондордун арасында ымыркайлар да бар. 80 адам куткарылып, алардын 21и ооруканага жеткирилген.
Италиянын ички иштер министри Маттео Пьянтедозинун айтымында, 30га жакын адам дайынсыз жоголгон.