7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуяга байланыштуу жаңы жагдайлар айтылды

774

Бүгүн, Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев Бишкектин 5-кичи районунда киши колдуу болгон 3 жарандын иши тууралуу маалымат берди.

Ногойбаевдин айтымында, кошуналар эмеректердин жылышын, жерге бир нерсе түшкөнүн, ызы-чуу, кыйкырыктарды угушкан. Унаанын сигнализациясынын үнү да угулган – кыз терезеден секирип түшкөндө унаага кулап, сигнализация иштеген.

«Кошуналар анча маани беришпей, үй башчысына кеч кабарлашкан. Ал жумуштан келип, видеокамераларды карап, участкалык милицияга кабарлаган. Милиция кызматкери келип абал менен таанышкан. Милиция менен ӨКМдин кызматкерлери барып, батирди ачып, батирде үч адамдын сөөгү бар экенин аныкташкан. Окуя жеринде кароо жүргүзүү учурунда столдун үстүндө спирт ичимдиктери болгону аныкталган. Шектүү менен жабырлануучу мас абалында болушкан. Аны соттук-медициналык экспертиза тастыктап жатат. Экөөнүн ортосунда кайым-айтыш болуп, ал ушундай кайгылуу окуяга – адам өлүмүнө алып келген. Ошондой эле, жабырлануунун жашы жете элек эки баласы өлтүрүлгөн», – деди ал.

Милиция шектүүнүн өздүгүн видеокамералар аркылуу аныкташкан. «Шектүү өзү жашаган үйүнөн кармалган. Ал милицияга каршылык көрсөтпөстөн, унчукпай, күзөт менен тергөө кызматына жеткирилген» – деди ал.

Эскерте кетсек, 16-февралда 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. Кылмышка шектүү кармалып, УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

775