7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мен мыкты, сонун жашоого татыктуумун!» дегенден эмнеге кетенчиктейбиз десең?

268

Белгилүү теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу кызыктуу ой тологоолорду, шыктандыруучу сөздөрдү жазып келет. Бул ирет ал адам «ыраа көрүү» жөнүндө жазды.

«Ыраа көрүү жөнүндө жазгым келди. Бөтөндү кой өзүңө да көп учурда жакшыны ыраа көрбөй, ичибиз тарып, таруу айланбай калган учур болот. Кызык эле жанбыз адам баласы. Башкага жарашкан дөөлөттү, же жакшылыкты өзүбүзгө чактагандан абайлап, «Э койчу, мага жарашмак беле» , «Мага боло берет » менен жашайбыз. Сулуулук, ден соолук, бакыт, бийиктик, ийгилик, байлык эмнеге жарашпасын бизге? «Мен мыкты , сонун жашоого татыктуумун!» дегенден эмнеге кетенчиктейбиз десең? Кимден эмнени аяйбыз? Эмнеден коркобуз? Уруксат бере албай өзүбүзгө, кооптонуп, башкадан уруксат алып жашайбыз. А башкалар башкаларга дайым эле жакшы жашоого уруксат бере бербейт. Баарынын эле пейили кең дейсиңби? Өзүңө өзүң уруксат бер! Денибиз сак болгонго, сулуу болгонго, ийгиликке жетишкенге, сүйүүгө толуп жашаганга акылуумун! Укугум бар! Уруксат бердим! Атаңдын көрү! Жыргай түштүм!», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

269