7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Этникалык кыргыздарда паспорт алууда көйгөйлөр жаралууда

560

Бүгүн, 27-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйынында этникалык кыргыздардын жарандык алуудагы көйгөйлөрү талкууланды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Ага акыйкатчынын аппаратынын өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык башкармалыктардын башчылары, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жашаган этникалык кыргыздар катышты.

Этникалык кыргыздардын көпчүлүгүнүн документтеринин жоктугунан жарандык алууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы айтылып, жарандыгы жоктугунан пенсия, жөлөк пул, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, медициналык жардам жана турак жай алууда да көйгөйлөр жаралып жаткандыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок жарандар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жарандыгы жөнүндө убактылуу жарлыгы чыккан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

561