7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Айгүл-Тоо» коругуна 3 жылга чейин кирүүгө болбойт

972

Жарандарга «Айгүл-Тоо» ботаникалык коругуна 3 жылга чейин кирүүгө тыюу салынат.

Баткен токой чарбасы кабарлагандай, мындай чара Баткенде өскөн уникалдуу Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында көрүлүүдө. Жарандарга 2023-жылдын 1-апрелинен тартып, 2026-жылдын 1-апрелине чейин ботникалык коруктун аймагына кирүүгө болбойт.

Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл-Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачат. Он экинчи апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүлдөп баштап, ал эки жумага гана созулат.

Белгилей кетсек, «Айгүл-Таш» мамлекеттик коругунун аянты 253,9 гектарды түзөт. Ал жерде аты аталган, дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү өсөт. Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин, кийинчерээк 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

973