7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев: Матраимовдун жаңы кылмыш иштери ачылды

331

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов боюнча жаңы кылмыш иштери ачылып жаткандыгын айтты. Бул тууралуу ал УКМКнын пресс-конференциясында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып баса белгиледи.

Анын айтымында, Матраимов кылмыш иштеринин баары изилденип бүтмөйүнчө өлкөдөн эч жака чыга албайт.


«Матраимовдун биздин мамлекетибиздин ичинде жасаган кылмыштары боюнча иш изилденип бүттү. Жакында сотко жөнөтөбүз. Бюджетке келтирген чыгымдарын эсептеп 2 миллиард сом өндүрүп алдык. Эми ал сырт жактан кылган контрабандалык кылмыш иштери боюнча жаңыдан кылмыш иштери ачылып, тергеле баштады. Эми биз сырт жака чыгабыз. Анын кайсыл мамлекетте мүлктөрү болсо аны да тактайбыз. Ал бул иштер такталып бүтмөйүнчө үй камагында болот», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

332