7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таластагы оорукананы оңдоо иштеринде 916 миң сом жеке жактарга кирип кеткен

238

2013-жылы Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти менен жеке ишкер «Д.А.А.» ортосунда Талас облустук бириккен ооруканасынын имаратын кайра конструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы Талас шаардык прокуратурасынын текшерүүсү менен дарылоо мекемесин оңдоодо аткарылган иштердин көлөмү ашыра көрсөтүлгөндүгү аныкталып, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-бер. 2-бөл. (1997-жылдагы редакцияда) белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө аныкталгандай, техникалык көзөмөлдү жүргүзгөн Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адиси Ч.К.М. менен жеке ишкер «Д.А.А.» аткарылган иштер боюнча актыларды түзүүдө жана кабыл алууда, иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмүн 916 миң 901 сомго ашыра көрсөтүшкөн жана тергөө учурунда келтирилген зыяндын жарым-жартылай ордун толтурушкан.


Тергөөнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 304-бер. 2-бөл. жана 30-304-бер. 2-бөл. (1997-жылдагы редакцияда) каралган кылмышты жасагандыгы тууралуу шектенүү жөнүндө кабарлама жеке ишкер «Д.А.А.» жана Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери Ч.К.М. тапшырылган.
2020-жылдын 16-декабрында жогорудагы адамдарга карата айыптоо актысы бекитилип, кылмыш иши Талас шаарынын сотуна негизинен кароо үчүн жиберилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

239