7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рашид Тагаев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

422

Талапкер Рашид Тагаев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын штабынын маалымат кызматы билдирди.


Тагаевдин талапкерлигин кайтарып алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү документтер жөнөтүлгөнү белгилүү болду.


«Мен өз позициям менен эле өлкөнүн туруктуулугу жана тынчтыгы үчүн кызмат кылуумду уланта бермекчимин. Бирок бүгүн саясий кырдаал тез өзгөрүп жаткандыктан, чукул чечимдерди кабыл алууга туура келип жатат. Менин чечимимди түшүнүү менен кабыл аласыңар деп ишенем», — деди Тагаев.

Ал эми БШКдан талапкердин арызы карала электигин айтышты. Эске салсак, 10-январда өтө турган президенттик шайлоого эми 17 талапкер катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

423