31-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз өлкөсүнүн аймагында пландалган терактынын алдын алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы маалымат таратты. Маалыматка ылайык, иш-чара коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзгөн иштин натыйжасында болгон жана окуяга байланыштуу Ош облусунун аймагында Кыргыз жараны кармалган. «Кармалган адам эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон. Башчысынын көрсөтмөсү менен облустун аймагында аскердик бөлүктөрдүн биринде террордук акт жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу зат даярдамак экен», — деп айтылат маалыматта. Кармалган адамдын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда камуфляж формасынын комплектиси, жилет, аскердик бут кийим, дүрбү, бүктөлүүчү бычак жана чет тилдеги баракчалар табылган. Ал УКМКнын Башкы башкармалыгынын Ош шаардык жана облустук тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иши жүрүүдө.
Дагы оку
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын
Бүгүн туруксуз аба ырайы күтүлүп, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу
2024-жылдын 21-апрелинен 27-апрелге чейинки окуялар тууралуу журналист, коомдук ишмер Абдыкадыр Султанбаев менен маек. Негизги окуялар: – Садыр Жапаров 24-25-апрелде Азербайжанда
Кыргызстанда акыркы үч жылда баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо менен алектенген 27 жашыруун нарколаборатория жок кылынды. Бул тууралуу
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. «Урматтуу кыргызстандыктар! Өзүңүздөр билгендей Президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бөйрөктү өзүбүздөн алмаштыруу
Каракол шаарындагы «Мега мол», «Ордо» соода комплекстеринин жана «Ак-Тилек+» базарынын бир бөлүгүнүн ээлери тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан