Жаңы жыл түнү Тажикстанда 5 эм жарык дүйнөгө келди. Дильноза Мамадова эки баланын энеси болчу, ал үчүнчүсүн күтүп жаткан. Ал эгиздерди жарык дүйнөгө алып келгенин төрөттө гана билген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, беш эмдин үчөө кыз, экөө эркек.
Душанбе шаарындагы Республикалык төрөт үйүнүн дарыгерлеринин айтымында, ымыркайлардын ден соолугу канааттандырарлык. Алар абалдарына жараша төрөт үйүнөн чыгарылат.
