7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айгүл Жапарова: «Музыка элдердин ортосундагы байланышты чыңдоого жакшы кызмат кылат»

958

Музыка кээде элдердин ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн ар кандай сөздөргө караганда жакшыраак кызмат кылат. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова «Виват, Рояль!» аттуу гала-концерттин салтанаттуу ачылышында билдирди.

Куттуктоо сөзүндө Биринчи айым Москвага болгон иш сапарынын алкагында Россиянын ар кайсы университеттеринде жогорку музыкалык билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен кантип таанышканы тууралуу айтып берди.

«Биздин жигиттер Москвага жакшы музыкалык даярдык менен келишкенин алардын мугалимдеринен угуу жагымдуу болду. Окугандан кийин биздин музыканттар өз мекенинде профессионалдык музыкалык маданиятты өнүктүрөт жана мамлекет аларга колдоо көрсөтөт деп терең ишенем. Биздин музыканттар эл аралык музыкалык сынактарга ийгиликтүү катышып, башка мамлекеттерге таанылып, музыкалык талантынын аркасында Кыргызстан чет өлкөлөрдө да таанылып жатканы бизди кубандырат. Музыка кээде элдер ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн ар кандай сөздөргө караганда жакшыраак кызмат кылат», — деди ал.

Эске салсак, бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын катышуусунда «Виват, Рояль!» аттуу гала-концерттин салтанаттуу ачылышы өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

959