7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу мектепте окуучулар сабалган окуя боюнча мугалимдер жазасын алды

1031

Оштогу мектепте чоң класстар тарабынан окуучулар сабалган окуя боюнча мугалимдер жазасын алды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Өзгөн районуна караштуу Ж. Мойдунов атындагы № 11 орто мектебиндеги окуучулар арасындагы пикир келишпестик 17-майда сабактан тышкаркы мезгилде тыт талаасында болгон. Анда окуучулар арасындагы конфликт видео тасмага тартылып, социалдык тармактарда тарап кеткен.

Бул окуяга байланыштуу Өзгөн райондук Билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия, ата-энелер менен бирге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир нече мугалимге карата тийиштүү чара колдонулган.

«Мектепте жетишсиз тарбиялык иштерин алып баргандыгы үчүн Жакыпова А. “ Сөгүш”, мектептин социалдык педагогу Кулмаматова Г., 8 ”а” класстын класс жетекчиси Умаралиева Г., 8 “б” класстын класс жетекчиси Абдырахманова Р., 9 “б” класстын класс жетекчиси К. “Эскертүү” жазасын алды»- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1032